Жогорку сот ЖК депутаты Канат Исаевдин ишин карап, толугу менен актады. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, сот бул иш боюнча кылмыш ишин токтотту. Себеби айыпкерлердин күнөөсү табылган жок.
Эске сала кетсек, 2018-жылы 4-январда Биринчи май райондук сотунда депутат Канат Исаевге, Болот Имамадиевге, Мирлан Эсенбековго карата жер тилкеси, “ТИГ” жеке ишканасы, “ТЦТ” жабык коому, “Яшар” дүкөнүн которуу боюнча ишти карап, токтоткон. Бишкек шаардык соту ишти кароо мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулганын кабарлаган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ