Menu

Видео – “Биздин жыл келатат” дегенсип, Жаңы жыл алдында чычкандар көбөйдү…

Бөлүшүү:

Жаңы жыл алдында Ашхабадда чычкандар менен келемиштер өтө көбөйүп кетти. Бул тууралуу Азаттыктын» түркмөн кызматы бүгүн, 23-декабрда билдирди.

Алардын маалыматына караганда, чычкан менен келемиштер үйлөрдүн жер төлөлөрүндө, көчөлөрдө жана көрүстөндөрдө өтө көп кездешүүдө. Кемиргичтердин көп болуп жатышы аларды жок кылуучу препараттардын тартыштыгы жана мышыктардын азайгандыгы менен түшүндүрүлүүдө. Түркмөнстан борборунда кемирүүчүлөр жана курт-кумурскалар маал-маалы менен тез тарап турат.

Жергиликтүү тургундар бул көйгөй менен өз алдынча күрөшүүгө мажбур болууда. Ашхабаддын тургуну: “Менин тааныштарым Аннау аркылуу Яшлыктан Ашхабадга тез-тез катташат. Алар жолдо нары-бери өткөн чычкандарды көрүп айран-таң калышууда. Бир жолку каттам учурунда эле жыйырмадай чычканды кездештиришет экен”, – деп билдирген кабарчыга.

Ал эми кабарчылар абалды «Өзгөчө коркунучтуу инфекцияларды профилактикалоо борбору» көзөмөлдөшү керек” деп барып, бул мекемеден комментарий ала алган эмес.

А биздеги чычкандар “пансионатта эс алат…”

“Кыргызское взморье” пансионатында чычкандар бөлмөлөрдө чуркап жүргөнүн эс алган кардардар ноябрда видеого тартып, социалдык тармакка таратышкан.

Видеосун “Булбулдан” көрө аласыздар: https://bulbul.kg/video:65307

Келаткан  жыл – Чычкан жылы эмеспи. “Биздин жыл келатат”,-деп көбөйүп жатышса керек. Албетте, бул эми тамаша.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: