“Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекетинен 2 миллион сомдук документи жо к жүк кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы бүгүн, 23-декабрда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Казакстандан Кыргызстанга тийиштүү документтери жок жүк өткөрүлүп жатканда кармалган. «Volvo» үлгүсүндөгү жүк ташуучу машинанын товарларынын арасында дары-дармек, сагыз болгон. Жүктүн жалпы суммасы — 1 миллион 905 миң сомду түзгөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ