Бүгүн, 23-декабрда, саат 15:40тө Кызыл-Кыя шаарында «ДАФ» машинасы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Алардын маалыматына караганда, кырсык Ош-Исфана жолунун 78-чакырымында болгон. Анда «ДАФ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу машина өрттөргөн, тагырагы, тормоздук системасы иштебей, машинанын дөңгөлөгү ысып кетип өрттөнгөн. Ал жерге өрт өчүрүүчүлөр барып, өрттү өчүрүшкөн. Айдоочу жабыркаган жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ