Menu

Айнура Айылчиева, Апрель Баатыры: “Роза Отунбаева(Рыскан)! 2010-жыл кээ бирөөгө байлык, кээ бирөөлөргө кайгы алып келди”

Бөлүшүү:

Урматуу сиңдим Роза Отунбаева(Рыскан)!

2010-жылга чейин Бакиевдин бийлигине каршы чоогу жүргөн элек. Сен деле кыргыздын карапайым жалпак жөнөкөй кызы элең. 2010-жылкы революциядан кийин кудай колдодубу же убактылу өкмөттүн мүчөлөрү же Атамбаев колдодубу? Эл шайлабай эле, шайлоосуз эле президент болуп калдың. Ушунчалык кыргыз эли кан жутуп турса сен түрлөнүп кийинип чет мамлекеттен үй алып, сен үчүн “көктөн сураганың жерден табылгандай” болду.

Ошол учурда эл аралык мекемелерден, көп эле жерден “гранттар” келип жатты. Элдин ичинде ошол акчалар кайда кетти деген сөздөр болуп кайра унутулуп калды.

Ал гана эмес Атамбаев менен Жээнбековдун ортосуна чагымчылдык кылып от жаккан деген имиш сөздөр бар. Эки досту ушунчалыкка жеткизбей ортомчу болуп энелик, эжелик кылып, кыргыздын салтын колдонуп жараштырып койсоң болот эле го, же сага баары бир болсо керек. Эмне болсо ошол болсун, “бири өлуп бири калсын” дедиңби?

Өзүң болсо айына 85 миң сом пенсия аласын, Англияда үйүң бар. Эч кандай кайгы-капаң жок саякаттап жүрөсүн. 2010-жыл кээ бирөөгө байлык, кээ бирөөлөргө кайгы алып келди окшойт.

Айнура Айылчиева, Апрель революциясынын Баатыры.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: