Бүгүн, 23-декабрда, Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун иши каралып, үй камагындагы мөөнөтү узартылды. Ал 2020-жылдын 28-февралына чейин үй камагында калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, Батукаев мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган учурда Шамил Атаханов коопсуздук боюнча вице-премьер-министр болгон. Бул иш боюнча ал 21-майда кармалып, 26-июлга чейин камалган. “Тергөө менен кызматташуу” ниетин билдиргенден кийин, үй камагына чыгарылган.
2013-жылы “Батукаев айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, Орусияга учуп кеткен. Жети жылдан кийин, быйыл бул иш кайра козголуп, ошол учурдагы президент Атамбаев баш болуп, бир топ аткаминерлер кармалып, камалып, үй камагына бошотулуп, суралып жаткан убагы.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ