Menu

Өмүрбек Абдрахманов, экс-депутат: “Эгер мени сотко күч менен алып барууга аракет жасалса, анда мен ошол жерден өзүмдү атып таштайм. Анан менин сөөгүмдү сотко алып барышсын”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-декабрда Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы каралып, эч өзгөртүүсүз калтырылды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, бүгүн соттук териштирүүгө берилген эки айлык мөөнөт аяктады. Ошого байланыштуу судья узартуу маселесин карап, соттолуучулардын баш коргоо чарасын дагы эки айга узартты. Соттук отурум 9-январга жылдырылды.

Эмки сотко кимдер күч менен алынып келе турган болду?

Ошондой эле бүгүнкү сот отурумуна күбөлөрдүн келбей жатканы маалым болду. Алар: экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов, «Мегакомдун» мурдагы жетекчиси Азат Базаркулов жана Модин менен Маевский. Булар Текебаев менен Чотоновго каршы көрсөтмө бергендер.  Судья Айнура Сатарова алардын сотко келишин камсыздоону, болбосо, сот аларды мажбурлап алып келүүгө токтом чыгара турганын эскертти.

“Өлсөм да барбайм” деген Өмүрбек Абдрахманов

Мурда Өмүрбек Текебаев менен партиялаш, санаалаш, дос болуп жүрүп, “душманга” айланган Өмүрбек Абдрахмановдон “Азаттык” соттун эскертүүсүн айтып, келээр, келбесин сурашкан. Ал “өлсөм да барбайм, барсам өлүп калам”,- дептир. Толугу төмөндө:

«Бизди автомат менен такаса да сотко барбайбыз» дегенбиз. Эгерде мени сотко күч менен алып келүүгө аракет жасалса, анда мен ошол жерден өзүмдү атып таштайм. Анан менин сөөгүмдү сотко алып барышсын. Азыр андай-мындай деп айткан туура эмес. Мен барбайм дедим, болду! Мен пенсионермин, жашым 70тен ашып калды. Ал жерге барып алып, ошол жерден инфаркт кармап өлгүм келбейт. Өздөрү чечип алышсын. Мен азыр тынч жашаган фермермин. Эч жакка барбайм. Саясатка да аралашпай койдум. Мен ага каршы көрсөтмөмдү Текебаев камалган учурда берген жокмун. Аны мен ал камалганга чейин эле гезиттерге чыккан маегимде «мына ошондой болгон» деп кийин сотто кайталап айтып койгом. Ал жерде мен аны «акчаны алган же акча алган эмес» деген жокмун. Болгону мен фактыны гана айткам. Ал факты да. Аны мен эми азыр кантип өзгөртмөк элем? Анын бардыгы гезитке чыккан. Бирок мен сотко барып, көрсөтмө бербейм”,-деп билдирген Абдрахманов.

Эске сала кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов орусиялык шылуун ишкер, учурда түрмөдө отурган “Леонид Маевскийден пара алды» деген айып тагылып, Атамбаевдин буйругунун негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Алардын бөгөт чарасы 29-августта каралып, үй камагына чыгарылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: