19-декабрда Кыргыз Республикасынын Элчилиги ТҮРКСОЙ менен биргеликте Анкара шаарынын Мамлекеттик опера жана балет театрында кѳрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнүнүн 70-жылдыгына арналган эскерүү маданий иш чарасын уюштурду. Бул тууралу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирет.
Иш чаранын алкагында, даӊазалуу кыргыз балерини Чолпонбек Базарбаевге арналган эскерүү сѳздѳрү, сүрѳт кѳргѳзмѳсү жана «Аккуу кѳлү» балети тартууланды.
ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Дюсен Касеинов атактуу артисттин ѳчпѳс ѳнѳрлѳрүн белгилеп, кыргыз маданиятында кайталангыс талант экендигин айтып ѳттү.
Эскерүү сѳзүндѳ Элчи Кубанычбек Омуралиев кыргыз балетин дүйнө жүзүнө тааныта алган жылдыздын кыргыз маданиятына кошкон эмгектерин белгилѳѳ менен, Чолпонбек Базарбаевдин ысымы кыргыздын кыйырынан ашып, башка боордош элдерге, чет мамлекеттерге чейин белгилүү болуп таанылып келгендигин
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ