Menu

Кыргызстандын 2020-жылдагы экономикалык дипломатиясынын артыкчылыктуу багыттары талкууланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-декабрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгы астында КР ТИМ алдындагы Консультативдик топтун кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралу мекеменин басма сз кызматы билдирди.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды коргоо жана илгерилетүү боюнча агенттигинин, Экономика, Финансы, Айыл чарба, Туризм министрликтеринин, ошондой эле Соода-өнөр жай палатасынын, Кыргызстандын бизнес ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министр 2019-жылдын экинчи жарым жылдыгында болгон сапарлардын негизги жыйынтыктары боюнча маалымат берди. Экономикалык кызматташууну бекемдөөнүн конкреттүү иш-аракеттерине жана мындан аркы келечегине, ошондой эле бизнес долбоорлорду даярдоого жана аларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Консультативдик топтун 2019-жылдагы иштеринин жыйынтыгы  жана 2020-жылга карата өз ара аракеттенүүнүн приоритеттүү багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: