Талас районун Кызыл-Туу айылында адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы болду. Бул тууралуу кечээ, 24-декабрь күнү ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Чыңгыз Айтматов көчөсүндө «Хонда Аккорд» автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жол боюндагы бакты сүзгөн. Кырсыктан улам 2 адам ошол жерден каза болгон. Ал эми 1 адамды тез жардам кызматы алып кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары сөөктү унаадан алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ