Menu

Аламүдүн районунда күйөөсү аялын бычактап, андан соң өзүнө да бычак сайган

Бөлүшүү:

Аламүдүн районунда аялы күйөөсүнүн ортосундагы уруш-талаш өлүм менен аяктады. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы бүгүн, 25-декабрь күнү билдирди.

Алардын айтымында, кечээ 24-декабрь күнү Аламүдүн районунун милициянын нөөмөт бөлүмүнө Беш-Күнгөй айылындагы ооруканага бычактан жарадар болгон аял келип түшкөндүгү тууралуу маалымат келген. Аталган факт боюнча атайын ыкчам-иликтөө тобу чыгып кеткен.

Милиция бычактан алган жаракатынан улам каза болгон аялдын өздүгүн тактаган. Ал 24 жаштагы Ы.П. болгон. Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Жаза кодексинин 130 беренеси “Адам өлтүрүү” боюнча катталган.

Мындан сырткары, саат 21:20 чамасында Арашан айылындагы жергиликтүү ооруканага бычактан жарадар болгон адам келип түшкөндүгү тууралуу кабарланган. Алдын ала маалыматтарга караганда ал өзүн-өзү бычак менен сайган. Аталган факт боюнча ыкчам топ жерине барып, ал 28 жаштагы Ч.Р. экендигин аныкташкан. Ч.Р. алган жаракатынан улам каза болгон.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жогоруда каза болгон адамдар жубайлар экениги белгилүү болгон. Чогуу 3 жыл жашап, 2 наристени тарбиялап келишкен.

Маалыматтарга караганда жубайлардын ортосунда уруш чыгып, күйөөсү аялын бычактап, андан кийин өзүн да бычак менен сайган.

Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн милиция кзматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: