Кылмышка шектүү 22 жаштагы Өзгөн шаарынын тургуну Жаныбек уулу Эрмек изделет. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрь күнү Ош ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Өзгөн шаарынын тургуну 1997-жылы туулган 22 жаштагы Жаныбек уулу Эрмек үстүбүздөгү жылдын 12-декабрь күнү Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө 70 жаштагы чоң энесин эч себепсиз бычак менен көкүрөк тарабына бир жолу бычак сайып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Өзгөн РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмышка шектүүнү кармоо боюнча ыкчам иш чаралар жүргүзүлүүдө.
Жабырануучу алган жаракатынан улам Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ага операция жасалып, учурда хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Тергөө иштери жүрүп жатат.
Сүрөттөгү жарандын жашырынып жүргөн жерин көргөн билгендер болсо жакынкы милиция бөлүмүнө кабарлоону суранат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ