Menu

Албек Ибраимов эркинен ажыратылды. Сот адилеттүүлүгү орнодубу?

Бөлүшүү:

23-декабрда Ленин райондук соту Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовду 15 жылга эркинен ажыратуу жөнүндө чечим чыгарып, 155 пункттан турган мүлктөрүн мамлекеттин пайдасына конфискациялады. Кандай оор күнөөлөрү, жазыктары үчүн ал мындай оор жазага кириптер кылынды? Ага коюлган күнөөлөр кайсылар эле? Деги Албек Ибраимов деген ким? Сөз ушулар жөнүндө болмокчу.

Кампачылыктан – мэрликке жеткен адам

Мурдагы мамлекет башчысы Алмаз Атамбаевдин убагында кескин байып кеткендердин бири, азыр коррупциялык иштер боюнча оор жазага тартылган – Албек Ибраимов. Ал эмгек жолун “Кыргызавтомашта” слесарь, таразачы, айдоочу болуп баштап, анан АШАга жагып калып, кампа башчылыгына жетип, колдоочусу адегенде өкмөттүн, анан мамлекеттин башына келгенден кийин оюна эмес, түшүнө киргис мансаптык бийик тепкичтерге көтөргөн. “Дастан” АКнун жетекчиси, “Манас” аэропортунун башчысы, Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары, анан Бишкек шаарынын мэри болгон. Талапкер болуп жатканда “Кыргызстан” деген сөздү туура жаза албай, элге шерменде болгондугуна карабастан АША аны борбор калаанын мэрлигине өткөргөн. Чындыгында 40ка жакын жогорку окуу жайлары, бир нече академиясы, бир жарым миллионго жакын калкы бар, алардын экөөсүнүн бири адам укуктары, демократия, прогресс жөнүндө такылдаган шаардын башчылыгына “Кыргызстанды” туура жаза албаган түркөй адамды мэр кылганы – АШАнын элди, окумалдарды, илимий-чыгармачыл интеллигенцияны шылдыңдаганга тете иш эле. Чын эле улуттук интеллигенциянын уюткусу турган жерге өнөр жайын жакшы билгендиги, окумалдыгы жагынан айырмаланган жетекчилердин бирин койсо эл колдомок. Бирок, Телибайлыгы жагынан айырмаланган АША шоопурларын, жан сакчыларын, көңүлүнө жаккан НПОчуларды министр, вице-премьер-министр да кылды, атайын кызматтарды да жетектетти, алардын баары убагында айтылган. Эгерде алар өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткарып кетишсе, эч нерсе демек эмеспиз. Бирок, алардын бири да өздөрүнө тапшырылган чоң-чоң тармактардын иштерин жакшырта алышпады. Тескерисинче, начарлатышты, интригаларды гана күчөтүштү, маселен, Абдил Сегизбаевдин “Белизгейт” боюнча фальшивкаларын мындан башкача кандай сөздөр менен түшүндүрүүгө болот? Андан башкача да болмок эмес, тармак боюнча таптакыр тажрыйбалары жоктордун колдорунан андай иштерден башка эмне келмек эле. Бирок, мамлекеттик, муниципиалдык иштерде өздөрүн жакшы жактарынан көрсөтө алышпаган менен көпчүлүгү кыска убакыттын ичинде байларга айланып алышкандыгы чындык. Андай адамдардын бири, жогоруда айтылган – Албек Ибраимов.

А.Ибраимов АШАнын убагында кантип байыган?

А.Ибраимов 2016-жылы февралда Бишкектин мэри болуп шайланган, ага чейин “Бишкек” эркин экономикалык аймагын, “Дастан” жабык акционердик коомун, “Манас” эл аралык аэропортун жетектеп келген. Бир жылдай президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары да болуп иштеген. Ал “Дастан” жабык акционердик коомун жетектеп турганда Кой-Таштагы заводдун 2,7 гектар жерин аялы Ибраимова Айнура Танкеевнага менчиктештирип берсе, көп өтпөй ал ошол убактагы президентке сатылган катарында документтештирилип, анан ал жерге АША баасы 4-5 миллион долларлык хан сарай салган. Чындыгында ал 2008-жылы Максим Бакиев менчиктештирген жер болгон, ал жер революциядан кийин “Дастан” ЖАКсына кайтарылып берилген. Бирок, ал жер биринчи баскынчыдан алынган менен көп өтпөй аны экинчи баскынчы, анан үчүнчүсү ээликтеп алган. Же А.Ибраимовдун КРнын тийиштүү мыйзамдары менен болгон чатактары ошондо эле башталган.

А.Ибраимовдун 2016-жылы тапшырган декларациясында айыл чарба багытындагы ага таандык 29 жер участкасы бар экендиги, 2015-жылда ал үй-бүлөсү менен 33 миллион сом киреше тапкандыгы көрсөтүлгөн. Бирок, анын эмнелердин эсебинен алынгандыгы көрсөтүлгөн эмес. Анын 2017-жылдагы декларациясында шаар башчысы 2016-жылдын ичинде негизги иштеген жеринен 735 миң 723 сом алгандыгы, айыл чарба продукцияларын сатуудан 3,5 миллион сом тапкандыгы чагылдырылат. Эң кызыгы, мурда ага таандык делген жер участкаларынын бардыгы жакынынын менчигиндегилер катарында көрсөтүлүп, аялынын 10 миллион сомго жакын иштеп тапкандыгы айтылат. Декларацияларга ылайык, А.Ибраимовдун өзүнүн үйү да, автоунаасы да жок, же сөздүн толук маанисиндеги бомж. Анын 2018-жылда тапшырган декларациясындагы маалыматтар деле жогорудагылардан өзгөчөлөнбөйт. Ал 2017-жылда да негизги иштеген жеринен 800 миң сомго жетпеген каражат тапкан, мурдагыдай эле кирешелеринин көпчүлүгүн айыл чарба продукцияларын сатуудан, жарандык-укуктук операциялардан алган. Бирок, жакыны же аялы жалпы аянты 110 гектарга жакын 31 жер участкасына ээ экендиги көрсөтүлгөн. Аялынын “TM Orlan Group” деген компаниясы бар, ал авиабензиндерди жана майлоочу майларды сатат. Аялы 2015-жылы же А.Ибраимов “Манас” аэропортун жетектеп турганда компанияны сатып алып, ошондон бери Тамчыдагы аэропортту да күйүүчү, майлоочу майлар менен камсыз кылып келген. Мында кызыкчылыктардын кагылышы бар, ага кошумча аялы Айнура Ибраимова бир жылдай күйөөсү менен чогуу бизнес да кылган. Ал аракеттеги айрым мыйзамдарга каршы келет. Эң негизгиси, А.Ибраимов 2016-жылдагы декларациясында аялынын жогоруда аталган компаниясын, андан канча киреше алышкандыгын көрсөткөн эмес.

TM Orlan Group 2016-жылдын 14-октябрында же А.Ибраимов мэр болуп шайлангандан 9 айдан кийин кайра каттоодон өткөрүлүп, анын уюштуруучусу Батырбеков Бекбол деген болуп калат. Азыркы убакта анын ээси Абдыкалыков Арстан Сатарович деген адам. Ээлери эки жолу алмашкан менен компаниянын юридикалык дареги өзгөргөн эмес, М.Элебаев, 32. Ал жерде мурдатан Айнура Ибраимова катталып келген, демек, жогоруда ээлердин алмашкандыгы тийиштүү органдардын көздөрүн жазгырууга багытталган фиктивдүү чаралар. Эгерде компания дагы деле өзүнө таандык болбосо аны өзүнүн дарегине каттаткыдай Айнура Ибраимова келесоо эмес да. “Эрса” деген ЖЧКга Албек Ибраимов өзү Сапар Шайдиев деген адам менен биргеликте ээлик кылат. Анын дареги-Чоң-Арык, Семетей-1. Мурда ал жерде мэр өзү катталып жүргөн. Айнура Ибраимова ЖКнын депутаты Исхак Пирматовдун аялы Ольга Атогурова менен бирге Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылында катталган “А плюс К” деген туристтик кызмат көрсөтүүчү ишканага да ээлик кылып келсе, кийин анын да ээси алмаштырылган, бирок чыныгы кожоюндары мурдагылар бойдон калган. Булардан сырткары экс-мэрдин аялына мурда “Нефтепродукт” ЖЧКсы да катталып жүрсө, азыр анын уюштуруучусу жогоруда аталган Бекбол Батырбеков, директору Арслан Абдыкалыков деген адамдар. Алардын артында турган дагы деле экс-мэрдин аялы өзү. Эң кызыгы, Албек Ибраимов мурда Арашан айылынын Кошокбек көчөсүндөгү №78-үйдө катталып келген. Анын жанындагы № 80 участок Албек Ибраимовдун өзүнүкү. Анын жанындагы 30 гектардай аянт бийик дубалдар менен тосулуп, экс-мер камалгыча ичинде курулуш иштери кызуу журүп турган.

Жергиликтүүлөрдүн айтымдарында, ал жерге Албек Ибраимов элиталык шаарча куруп, анан аны 5-6 сотуктан участкалары менен майдалап сатууну максат кылган экен. Сыягы, ал Максим Бакиевден да ашып түшкүсү келсе керек. А.Ибраимов 2013-2016-жылдары “Манас” аэропортун жетектеген. Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун маалыматтарына ылайык, АША президент болуп турганда Гонконгдон Кыргызстанга контрабандалык жүк ташыган 50дөн ашык учак келиптир.

Аэропортко келип жаткан жүктөрдү анын жетекчиси билбейт деп маңыроо гана ойлошу мүмкүн. Албек Ибраимовдун анын канча каттамына катышы бар болду экен? Мэрдин эки кызы, бир баласы Silk Road деген менчик мектепте окушат. Ал мектептин ар окуучуга бир жылдык акысы 5600 доллар. Ушундан улам жогорудагы шаарчаны мэр кайсыл каражатына куруп, башка чыгымдарын эмненин эсебинен төлөп келген?- деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Мэрдин аялы экөөсүнүн үч жылда иштеп тапкандары жогоруда айтылган шаарчанын коргонуна деле жетмек эмес. Же анын жашырган дагы башка киреше булактары барбы? Жалпысынан Албек Ибраимовго 174, ал эми анын аялы Айнура Ибраимовага андан кем эмес кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөр таандык. Эң олуттуусу, Айнура Ибраимова 141 кыймылсыз мүлктү 2010-2016-жылдары же күйөөсү мамлекеттик жана муниципиалдык жетекчи кызматтарда иштеп турганда сатып алган. Алардын 11и айыл чарба фермалары болсо, аянттары ар кандай көлөмдөрдөгү сугат жана кайракы жер участкалары 100дөн ашык. Баарын санап олтурбайлы, ага биздин убакыт жетпейт, ток этерин айтканда Албек Ибраимовго таандык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдүн тизмеси А-4 формасындагы 27 баракты түзсө, аялы Айнура Ибраимовага таандык мүлктөрдүн тизмеси 32 барактан ашыптыр. Алардын ичинде Айнура Ибраимовага тийиштүү бир нече ишканалар да бар. Экс-мэр аялы экөөсүнө таандык жогоруда айтылган мүлктөрдүн ондон бирин да декларацияларында көрсөткөн эмес. Анын өзүнө катталган короо жайлары менен 5 үйү болсо, алардын бири да декларацияларында көрсөтүлбөгөн. Аракеттеги тийиштүү мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана муниципиалдык жетекчи кызматкер өзүнө жана жакындарына тийиштүү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү, акча каражаттарын жашыргандыгы үчүн 3 жылдан 6 жылга чейин камалышы керек.

А.Ибраимовдун Арашан айылында жалпы аянты 320 гектар жери, короолонгон 30 гектар жери менен хан сарайы бар. А.Ибраимов “Дастандын” жетекчиси болуп турганда жабдуулар менен камсыз кылуучулардын биринен 270 миң доллар пара алгандыгы, ишкананын “Солнечный берег” пансионатынын акцияларынын бардыгын мыйзамсыз сатып, мамлекетке 152 миллион сом, жабдууларды өз бааларынан кымбат сатып алып 460 миң доллар зыян келтиргендиги, Бишкектин мэри болуп турганда коррупциялык схеманы уюштуруп, жалпы аянты 5 гектардан ашык жер участкасын мыйзамсыз саттыргандыгы, ошондой эле УКМКнын тергөөчүлөрү суракка чакырса келбей, аларды куралдуу каршылык көрсөтүү менен коркуткандыгы, байлыктарынын көбүн декларациясында чагылдырбагандыгы үчүн айыпталган. Ошентип, Албек Ибраимовдун көп жылдардан берки мыйзамсыз иштерине соттун өкүмү менен чекит коюлду. Бирок, шектүү булактар аркылуу жыйнаган мүлктөрү, байлыктары жөнүндө сөз болбоду. Билгендердин айтымдарында, А.Ибраимовдун чет өлкөлөрдөгү кыймылсыз мүлктөрү да аз эмес дешет. Биз буга чейин укук коргоо органдарыбыздын ал жактарга укуруктары жетпесе да анын Кыргызстандагы декларациясында көрсөтүлбөгөндөр, каржылоо булактары мыйзамдуу экендиги аныкталбагандардын бардыгы конфискацияланып, мамлекеттин пайдасына өткөрүлүүсү керектигин жазганбыз. Бул өңүттөн алганда, сот адилеттүүлүгү орноду. Ленин райондук соту А.Ибраимовдун өзүнө, аялына катталган кыймылсыз жана кыймылдуу мүлтөрдүн баарын конфискациялаган чечим чыгарды. Эми А.Ибраимовдун конфискацияланган мүлктөрү менен анын мамлекетке келтирген зыяндарынын орду толтурулушу керек.

Автандил Белеков

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: