Menu

Видео – Сооронбай Жээнбеков: “Азимбек Бекназаровду элчилик кызматка мен сунуш кылгам”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Журналисттер тараптан кадр маселеси боюнча суроо берилди. “Оппозицияда жүргөндөр кызматка бара баштады. Бул алардын оозун жаап коюу десек болобу?”,-деген суроонун төркүнүн түшүнгөн президент: “Мен суроого түшүндүм. Азимбек Бекназаров жөнүндө сөз болуп жатса керек, ачык эле айтайын, мен анын көп жылдык эмгегин эске алып, элчиликке талапкерлигин сунуштадым. “Ушунча жыл оппозицияда жүрдүң, эки революциянын башында турдуң, ушул энергияңды мамлекетке иштеп бер”,- деп айттым. Малайзияга барып жакшы иштеп берет деп ишенем. Кыргызстандын тарыхында эл арасынан суурулуп чыгып, өз оюн элге жакса, жакпаса да айтып жүргөн адамдарды билем. Мисалы, эгемендиктин алгачкы жылдарында Топчубек Тургуналиев, Турсунбек Акун, Жыпар Жекшеев болгон. Мен аларды сыйлайм. 2000-жылдары алардын катарына Бекназаров кошулду. Ал тарыхый инсан”,-деди.

Эске сала кетсек, 17-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде Малайзияга элчиликке Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги каралып, жактырылып, колдоо тапкан. 12 депутат «макул», бир депутат «каршы» добуш берген. Ал эми элчиликке аттанып турган Бекназаровго тил маселеси боюнча журналисттер суроо узатканда, ал жаттап алаарын билдирген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: