Кечээ, 25-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин бардык суроосуна жооп берген. Анда эл оозунда, көңүл борборунда турган иниси, ЖК депутаты Асылбек Жээнбеков менен кудасы, ЖК депутаты Алиярбек Абжалиев жөнүндө да суроо болгон.
“Асылбек Жээнбеков иниңиз, Алиярбек Абжалиев кудаңыз, экөө тең ЖК депутаттары. Алар менен 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого катышуусу же катышпасы тууралуу сүйлөшө алдыңызбы, шайлоого катышпай эле койгула”, – деп айта алдыңызбы?” – деген суроо болгон. Ага президент ар бир киши ар нерсени өзү чечээрин, шайлоо маселеси боюнча алар менен сүйлөшө электигин жана аларга шайлоого сен бар, сен барба деп айта албастыгын, антип айтса, алардын укугун жаран катары тебелеп калаарын билдирди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ