Menu

Түп районунда Өрт-куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараты ачылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 25-декабрь күнү Ысык-Көл облусунун Түп районундагы №34 өрт-куткаруу бөлүгүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, КР ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Иш-чараны ачып жатып, Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жалпы катышуучуларды жылуу куттуктап, өздүк курамдын иштерине ийгилик каалап өттү.

“Региондорду өнүктүрүү багытында Министрликтин өрт-куткаруу бөлүктөрүн жаңылатуу, тийиштүү куткаруу шаймандар менен камсыздоо менен авариялык куткаруу иштеринин эффективдүүлүгүн күчөтүүнү максат койгонбуз. Түп районунда 65 000 ден ашуун жашоочулар жашагандыктан, учурдун талабына ылайык келген баардык шарттары менен өрт-куткаруу бөлүгүнүн жаны имаратынын куруу, ар кандай коопсуздуктарды жоюудагы эң негизги маселелерден болуп келген. Мындан ары бул өрт-куткаруу бөлүгү өздөрүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин ушул жаңы имаратта жоопкерчилик менен аткарып, эң жакшы ийгиликтерге жетише берет деген ишеничтемин”, – деди министр Н.Мирзахмедов.

КР ӨКМ тарабынан №34 өрт-куткаруу бөлүгүнүн курулушуна 14 620 208 сом акча каражаты каржыланып, курулуш иштери аягына чыгарылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: