Menu

Равшан Жээнбековдун соту жабык эшик артында өтүп жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-декабрда саясатчы Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда каралууда. Ал жабык эшик артында өтүүдө.

Эске сала кетсек, 14-декабрда, Биринчи Май райондук сотунда Равшан Жээнбековдун  баш коргоо чарасы каралып, 2020-жылдын 9-февралына чейин СИЗО-1де кармоо чечимин чыгарган.

 Равшан Жээнбеков 12-декабрда ИИМге суракка чакырылып, ага Кой-Таш окуялары боюнча “Барымтага алуу” жана “Массалык башаламандыкты уюштуруу” беренелеринин негизинде шектүү катары камакка алынган. Дал ошол күнү Жогорку Кеңеште 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу угулуп, бир топ адамдын аты аталган. Алардын арасында Равшан Жээнбеков да бар болчу.

Равшан Жээнбеков 7-8-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгон. Ал боюнча буга чейин ИИМге суракка чакырылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: