Menu

Азербайжандын жогорку окуу жайларында окуу үчүн гранттык орунга конкурс жарыяланат

Бөлүшүү:

Билим берүү жана илим министрлиги Азербайжан Республикасынын жогорку окуу жайларындагы даярдоо курстары, бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары боюнча 2020-2021-окуу жылына бөлүнгөн бир гранттык орунга конкурс жарыялайт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырууга зарыл:

1. Арыз;

2. Резюме (орус жана англис тилдеринде);

3. Анкета, сөзсүз сүрөтү менен;

4. Толтурулган өтүнмө формасы, сөзсүз сүрөтү менен;

5. Билими тууралуу документ (англис тилине которулуп, нотариалдык тастыкталган);

6. Паспортунун көчүрмөсү

7. Медициналык маалыматы жана ВИЧ СПИД жоктугу жөнүндө күбөлүгү (англис тилине которулган жана нотариалдык тастыкталган);

8. Жүйөөлүк кат (орус жана англис тилдеринде);

9. Англис тилин билүү деңгээлин тастыкталган (TOEFL, IELTS) күбөлүк

Документтер 2020-жылдын 24-январына (саат 17.00 ) чейин берилиши керек. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 220-кабинет, маалымат үчүн байланыш телефону: 0 (312) 62 15 19.

Стипендияга төмөнкүлөр кирет:

– окуу үчүн төлөө акысы;

– эл аралык авиаучуулар (жылына бир жолу, эконом-класс);

– ай сайын берилүүчү стипендия;

– медициналык камсыздоо;

– визанын жана каттоонун баасы;

Курактык чектөөлөр:

– бакалавриат – 25 жашка чейин;

– магистратура – 30 жашка чейин;

– докторантура – 40 чейин.

Кыргыз тараптын конкурстук сынагынан кийин, министрлик тарабынан сунушталган талапкерлер Азербайжан тараптын кошумча тандоо конкурсунан өтөт (1. тиешелүү документтерди кароо; 2. Интервью онлайн).

 

Жогорку окуу жайлардын тизмеси:

– ADA University

– Azerbaijan University of Languages

– Azerbaijan State Agricultural University

– Azerbaijan State University of Economics

– Azerbaijan State University of Culture and Arts

– Azerbaijan State Oil and Industry University

– Baku Higher Oil School

– Azerbaijan State Pedagogical University

– Azerbaijan Arts Academy

– Azerbaijan University of Architecture and Construction

– Azerbaijan National Conservatory

– Azerbaijan Technical University

– Azerbaijan Medical University

– Azerbaijan University of Tourism and Management

– Baku State University

– Baku Engineering University

– Baku Slavic University

– Nakhchivan State University

– Baku Music Academy named after Uzeyir Hajibeyov

– Khazar University

– Ganja State University

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: