Кыргызстандын Сан-Маринодогу атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп Мукашев Данияр Муратбекович дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Данияр Мукашев жөнүндө учкай маалымат бере кетсек, 44 жашта. 1974-жылы 31-декабрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Төрт тилде: кыргыз, орус, англис, французче эркин сүйлөйт. Ал Кыргыз Республикасынын Швейцария, Италия жана Лихтенштейндеги элчиси. Аны менен катар БУУнун жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү кызматын аркалап келет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ