Өткөн апта, 18-декабрда Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинин Вице-мэри Сабиха Акдемир айым менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-декабрь күнү билдирди.
Тараптар үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинде жайгашкан Чыӊгыз Айтматов паркында улуу жазуучунун эстелигинин расмий ачылыш аземинин биргелешип уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылыктарын жана канааттанууларын билдиришти.
Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев жана Сабиха Акдемир 2020-жылы маданият тармагында ар кандай иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашышты.
Тараптар ошондой эле балдар үчүн “Манас” эпосунун кыскартылган түрүн түрк тилинде чыгаруу зарылдыгын белгилешти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ