Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Сел жана суу ташкындарынан коргоо мамлекеттик агенттиктин жетекчиси С.Бны атып кетишти. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 26-декабрда билдирди.
Алардын айтымында, каргашалуу окуя кечээ, 25-декабрда, кечке маал Ошто болгон. Саат 20:20да Ош шаарындагы Өзгүр айылынын Кулматов көчөсүнөн 1984-жылы туулган С.Бнын жансыз денеси табылып, анын башынын аркасына жана мурун тарабына ок атылганы аныкталган. Маркумдун сарайынан уюган кандын изи жана төрт метр алыстыкта октун гильзасы табылган.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча катталып, иликтөө иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ