Menu

Таалайбек Масабиров, ЖКнын депутаты: “Райым Матраимов ачылыш аземдерге, тойлорго чакырса барам”

Бөлүшүү:

– Таалайбек мырза, өкмөт башчы менен чогуу барып, Базар-Коргонго спорт клуб жана мектеп ачып келдиңиздер. Сиз курдуңузбу?

– Жума күнү өкмөт башчы Абылгазиевдин Ош, Жалал-Абад облустарына иш сапары болду. Иш сапарга туштап, Базар-Коргон районунда эки соцобъектинин ачылышын уюштурдук. Бири – Акман айыл өкмөтүнүн Кайырма айылында 100 орундуу бала бакча. Ал 2015-жылдан бери бүтпөй жаткан. Азыр эми ички жасалгасы менен балдар жата турган матрастарды алуу эле калды. Бала бакча 24 миллион сомго бүткөрүлдү. Экинчи объект – Базар-Коргондун Бешик-Жон айылына курулган спорт комплекси.

25 миллион сомдук капиталдык салымдардын негизинде курулуп бүттү. Курулуштарды өкмөт каржылады. А мен, туугандарым досторум менен спорттук машыгуучу каражаттарды алып берип, жардам кылдык.

– Жакында сиз тууралуу маалымат жазышты. Мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда контрабанда менен кармалганда, «Масабиров да кармалып кетмек, Америкадан иш сапардан келбей калып, аз жерден калды, анткени, алар чогуу контрабанда менен шугулданышат» деген өңүттө. Буга кандай комментарий бересиз?

– Мен журналисттик кесипти сыйлайм. Журналисттердин көбүн тааныйм. Кээ бирлери буюртма алып, такталбаган маалыматтарды жазышат. Ошондой учурда мен андай маалыматты жазган журналист менен бетме-бет жолугуп, сүйлөшкүм келет. Баягүнү Дария Байкелова деген журналист жазыптыр, «Таалайбек Масабиров АКШда иш сапардан жетишип келбей калып, аз жерден Дамирбек Асылбек уулу менен чогуу Казакстанда контрабанда кылмышы боюнча кармалып кала жаздады. Муну депутаттар айтып жүрүшөт» дептир. Мен ал кызды чакырып, «кайсы депутат айтты, 119унун кимиси? Чындыкка жетели» деп сурайын дегем. Коллегам Динарбек (Дамирбек Асылбек уулу) экөөбүз спортто чогуу машыкканбыз. Кыргызстандын намысын коргоп, мелдештерге көп бардык. Негизи, Динарбек ал күнү Кыргызстандан барып, Давлет Турлыхановго (дүйнөгө таанымал грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери) жолукмак. Жазында биринчи жолу Кыргызстанда Азия чемпионаты өтмөк. Айтымы боюнча, Динарбек уюштуруу комитети менен жолукканы барган. Бирок, жанагыдай кармап, камап салышты.

– Демек, сиздин оюңузча, Дамирбек Асылбек уулу мыйзамсыз кармалган?

– Мен Динарбектин сотуна барып катышып жүрдүм. Процесстердин биринен чыгып, «Азаттыктын» казак кызматына маек бердим, анда да айттым. Өкмөттөн, бажы кызматынан келип, автоунаа менен келген жүктөрдүн бажылык төлөмдөрү, салыктары төлөнгөнүн жүз пайыз сотго далилдеп берсе дагы, айыпкер адам катары кесип жиберишти.

Ал эми мени да «Динарбек менен кармалып кетмек» деген журналистке айтарым, Казакстанга Динарбектин иши боюнча сотко катышып жүрдүм, эгер менин да катышым болсо, ошондо эле кармашмак да.

– Мурда да сиз тууралуу такталбаган маалымат жазган журналистти үйүңүзгө алдырткан экенсиз. Абалды дайыма ушундай жолдор менен чечесизби?

– Ага көп жыл болуп калды. Спорт комитетине төрагалыкка талапкерлердин арасында менин да атым аталып калыптыр. Анан ал журналист бала мени «Масабиров эч кандай спортсмен эмес, чемпион да эмес, ал самозванец» деп жазыптыр. Анан мен «бир көрөйүнчү ушу журналистти» деп үйгө чакырдым. Үйүмдө кире бериштен төргө чейин спорттон алган сыйлыктарым, медалдарым бар. Биз жөн эле сүйлөшүп отуруп, «дүйнө чемпиону болуп, ушул алтын медалды алгам, Японияда, Францияда күрөшүп, мунусун алгам» деп диплом, сертификаттарды көрсөттүм. Анан ал «болду, байке, мен сизге толук ишендим» деди. Заказ материал жазганын мойнуна алды. Бирок, ким заказ кылганын айткан жок. Мен аны коркуткан жокмун, сабаган жокмун. Жөн гана «Кыргызстандын желегин желбиретүү үчүн, патриоттук сезим менен төрт жолу операциядан чыкканыма карабай, «чемпион болмоюн спортту таштабайм» деп тырышканым үчүн ушундай жаздыңбы?» десем, уялып калды. Ошондой окуя болгон.

– Сизди бажы кызматынын мурунку төрага орун басары Райым Матраимов менен достук мамиледе экениңизди айтышат, азыр деле жакшысыңарбы?

– Райым Матраимов менен бажы кызматында чогуу иштедик. Мен Түндүк бажы кызматынын башчысы болуп иштегенде, ал Ош бажы кызматынын башчысы болуп иштеген. Мен Матраимов менен эле эмес, бажы системасында мурда-кийин иштеген баардык коллегаларым менен жакшымын. Алардын бири Райым Матраимов экенин жашырбайм. Баары менен сый-урматтамын. Ачылыш аземдерине, тойлоруна чакырышат. Алыс-жакынына карабай баарына барам.

Динар Турдугулова

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: