Menu

Абдыбек Дюшалиев, ЖКнын депутаты: “ОПГ өзү билип, өтүгүн төргө илип калган кырдаал жок”

Бөлүшүү:

– Абдыбек Кашымбекович, соңку кездерде уюшулган кылмыштуу топтор боюнча көп сөз болууда. «ОПГ көзөмөлдөн чыгып кетти» деп добулбас каккандар да бар. Бул боюнча сиз кандай ойдосуз?

– ОПГ тууралуу өтө бир сенсациялуу окуя, чуулгандуу киши өлтүрүү болгон учурларда айтылат. Азыркы күндө ИИМ «ОПГ жок» деп айта албайт. Эки-үч топ тууралуу айтат. Алардын эмне кылып жатканы боюнча милиция кызматкерлеринин маалыматы бар. Бир жерден сигнал эле түшчү болсо, тез аранын ичинде басылат. Андыктан, ОПГ чектен чыгып, өзү билип, өтүгүн төргө илип калган кырдаал жок.

– Бирок, сиздер иштеп турганда азыркыдай таламандын тал түшүндө бизнесмендерди уурдап кетип, же эки топ көчөдө атышып кеткен учурлар болчу эмес эле да?

– Эмне үчүн? МАИ кызматкерлери жолдон атышып, каза болгон учурлар да болгон убагында. Кафелерден атышкандар болгон. Бирок, бул бир жылда бир, же эки жолу гана боло турган окуя.

– Анда сиздин оюңузча, «ОПГ көзөмөлдөн чыгып кетти» деп айтканга болбойт экен да?

– Болбойт. Анткени, ИИМдин кылмышкерлерди издөө боюнча башкы башкармалыгында өтө күчтүү, компетенттүү кызматкерлер иштейт.

– ИИМ уюшулган кылмыштуу топторду ыкчам учетко гана алат. Ал эми алардын чындап эле ОПГ экенин сот аныктайт. Балким, ИИМге кошумча ыйгарым укуктар берилиши керектир?

– Конституция боюнча дагы, мыйзамдар боюнча дагы адамдын күнөөсүн сот гана аныктайт. Сот болбой эле милиция өзүнүн билгенин кыла баштаса, анда өтө эле туура эмес болот.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: