Menu

Эмил Токтошев, ЖКнын депутаты: “Күч түзүмдөрүн түштүккө көчүрүп барып, чек ара маселесин чечебиз”

Бөлүшүү:

– Эмил мырза, биринчи жолу бул чакырылышка депутат болдуңуз, кандай иштедим деп ойлойсуз?

– Депутаттардын милдеттери көп. Аларды аймактардагы эл шайлайт. Кандай иштеди, кандай мыйзамдарды жазды, кандай маселелерди көтөрүп, чечилишин көзөмөлгө алды – мунун баарына эл баа берет. Андан сырткары, депутаттардын функциясына мыйзам чыгаруу иши кирет. 6-чакырылышта көптөгөн мыйзамдар жазылды. Анын ичинде мен да көптөгөн мыйзамдарды жаздым. Айта кетсем, 18 жашка чейинки курактагы кыздардын никеге турушуна тыюу салган мыйзам долбоору, кыргыз тилде туура эмес жазгандарга (орфографиялык каталарды болтурбоо максатында) айып пул киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун, жергиликтүү органдардан камкордук көрүү боюнча мыйзам долбоорун шилтедим. Мындан тышкары, салык боюнча, экономика боюнча дагы көптөгөн мыйзамдарга авторлош болдум. Негизинен, биз эл өкүлдөрүбүз, бизге бааны эл берет. Азыркы чакырылыштагы парламенттин мурункулардан айырмасын да эл айырмалайт.

– Чек арадагы бир эле проблема улам-улам кайталана берет. Президенттик деңгээлде сүйлөшүү болуп, бирок чечилбегенине жакында дагы күбө болдук. Дегеле, чек ара маселесин кантип чечсек болот?

– Чек ара маселеси акыркы проблемага айланып барат. Кыргызстандын жараны катары мен да жүрөгүм ооруп, толгоном. «Кантип чечсе болот?» деп кейийм. Менин жеке оюмча, муну чечүүнүн бирден-бир жолу – күч органдарынын баарын түштүккө көчүрүп, чек ара кызматын Баткенге алып баруу керек. Андан сырткары, чек ара аймагындагы элдин социалдык жашоо-тиричилигине өкмөт жакындан көңүл буруп, такай көңүл борборунан чыгарбай, чечип, жеңилдетип турушу абзел. Биз, депутаттар былтыркы жаңжалдан кийин Баткендин жолуна жана социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө 200 миллион сомдон ашык каражатты бюджеттен бөлдүрүп бердик. Бирок, бул сумма бир облуска эч нерсеге жетпейт. Элдин шартын жеңилдетип, салыктардын баарынан бошотуп, керек болсо ишканаларды ачам деген ишкерлерге мамлекет жардам бериш керек. Президенттер үч ирет жолугушса да чечилбеген соң, бул өтө курч маселе экен. Андыктан, чек араларды өзүбүз күчөтүшүбүз керек.

– Алайкуудагы кардын калың түшкөнүн айтып, өзүңүз көзөмөлгө алып жатканыңызды жаздыңыз. Жол жабылып калган учурда эл кантет?

– Кара-Кулжанын Алайкуу аймагы бийик тоолуу шартта жайгашкан. Ал жерде 8 айыл, 20 миң калк жашайт. Райборбордон 100 чакырым алыс. Жол азабы өтө оор. Кыш келгени биздеги көйгөй ушул. Кечээки кар 1,5 метр жаады. Жолдорубуз тик болгондуктан, тез-тез кар көчкү түшүп, жолду бөгөп калат. Жол жабылып, каттам токтойт. Кечээ да жол жабылып калып, менин көзөмөлүм менен жолду ачышты. Бул эми табигый боло турган нерсе. Шарт оор, ошого карабай, техникалардын даярдыктарын көзөмөлдөп турууга туура келет. Илгеркидей айлап, жумалап жабылып калган учур боло элек. Болтурбаганга убагында аракет кылабыз.

– Айрым депутаттар шаарды каптаган ышты азайтуу боюнча токтом долбоорун даярдашыптыр. Шаар тургуну катары буга кандай пикирдесиз?

– Мен шаарда жашаганыма 25 жылдан ашып барат. Шаар тургуну катары бул маселеге аябай кызыкдармын. Маселени мен да парламенттен эки ирет көтөрдүм. Бул жерде өкмөттүн алдындагы экологияны көзөмөлдөгөн агенттиктин ишинин чабалдыгы маселени курчутуп жатат. Аларга грант келет, өкмөт да бөлүп берет. Бирок, көзөмөлдөй турган иштер аткарылбайт такыр. Башка мамлекеттерде деле ыш бар, алар иштеп, азайтышат. Эски унаалардын көбөйүшү, сапатсыз көмүрдөн от жагылып, анын ышы, сапатсыз күйүүчү майдан, ж.б. Бул проблеманы жараткан көптөгөн факторлор бар. Абанын булганышын алдын албасак, кедергиси катуу тийет.

Динар Турдугулова

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: