Menu

Батукаевдин иши боюнча сот Абдухалим Раимжановдун ден соолугуна байланыштуу кийинки жылга жылдырылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-декабрда УКМКнын имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иштин көчмө соттук отуруму өтмөк. Ал академик Абдухалим Раимжановдун оорусуна байланыштуу 2020-жылдын 9-январына жылдырылды.

Батукаев мыйзамсыз бошотулган учурда А.Раимжанов Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси болуп иштеген. Ага “Батукаевдин бошотулушуна жардам берген” деген айып менен сотто суралып жатат.

24-декабрдагы соттум отурумда Абдухалим Раимжановго тез жардам чакырылып, аны алып кеткендигине байланыштуу сот жараяны 26-декабрга жылдырылган. Андагы сотто мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сот залынан судьянын уруксаты жок эле чыгып кеткен.

Эске сала кетсек, оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте турган үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгып отурат. Жыйынтыгында, Атамбаев өзү да абакка отуруп калды, тагырагы, Батукаевдин ишине байланыштуу ага «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: