Ошто 30 жаштагы адамды сабаган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Ош ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, аларга 24-декабрда 1989-жылы туулган адам кайрылып, 23-декабрда Ош шаарындагы “LOFT” түнкү клубунда эки баладан таяк жеп, денесине залал келтиргени тууралуу арыз жазып, аларды таап, чара көрүүнү суранган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Ээнбаштык” беренеси менен катталган. Кечээ, 24-декабрда 1993-жылы туулган Ж.Р. аттуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Териштирүү учурунда, ал буга чейин бир топ жолу соттолгону, ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы аныкталган. Учурда анын жанындагы шериги изделүүдө…
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ