Menu

Алтынбек Сулайманов: “2010-жылдагы конституцияны биринчи бузуп, бийликтин баарын Атамбаевге карматкан Текебаев өзү болгон”

Бөлүшүү:

Кечээ, 26-декабрда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөргөндөн кийин азыр соттолуп жаткан экс-депутат Өмүрбек Текебаев айрым басылмаларга комментарий берип, Сооронбай Жээнбеков премьер-министр айта турган сөздү айтып жатат. Бул деген премьердин ыйгарым укуктарын, бийлигин узурпациялап алуу, конституциялык талаадан чыгуу деп баа берип, бийликти конституциялык нукка кайтып келүүгө чакырган. Ага КР ЖКнын “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов жооп кайтарды:

Өмүрбек Чиркешовичтин кечээги айтып чыкканын окуп алып, мындан 8 жыл мурунку окуялар эсиме түштү.
2010-жылы күзүндө жаңы парламент келип, өзүнө төрага шайлоодо накта демократияны, парламенттик башкарууну, жаңы Конституцияны иштетүүдө өзүнүн биринчи кадамын таштады. Ал кезде бийлик убактылуу өкмөттүн колунда болчу. Бийликтен эл корккон жок, убактылуу өкмөт ойдогудай добуш ала албады, шайланып келген депутаттар да бийликтен корккон жок. Өмүрбек Текебаевди төрагалыкка шайлабай койдук, бул күнү Текебаев утулган жок, демократия утту десек болот. Ошол күнү демократия орноп, парламент бийликке тишин көрсөтүп, өз алдынча башкаруу системасын түзө алды. Бирок ал жакшы көрүнүш көпкө узабады.

2011-жылы Алмазбек Атамбаев президент болуп келген күнү, биринчи ишин парламентти чөгөлөткөндөн баштады. Ахматбек Келдибековду төрагалыктан алып түштү. Ушул жерде Өмүрбек Текебаевсиз бул план ишке ашмак эмес. Өмүрбек Чиркешович мага таарынбаса керек, бул тарых – өзү жазган Конституцияны өзү талкалай баштады. Жаңы өкмөт башчысы Текебаевге да Атамбаевге да жакпады, жаштар күчтөнүп кете электе буларды жайлабасак болбойт деген бүтүмгө келип, Өмүрбек Бабановду да өкмөт башчылыгынан айдашты. Ошол күндөн баштап мамлекетте супер президенттик башкаруу пайда болду. Бул тарых, буга Өмүрбек Чиркешовичтин салымы чоң. Ошентип, Текебаев Атамбаевге бүт бийликти колуна карматты, ошол кетирген катасынын азабын бүгүн көрүп жатканын өзү да билсе керек…
Биз баарыбыз ураа!-лап айтканыбыз бир башка, жасаганыбыз бир башка. Бул биздин чоң проблемабыз. Ошондуктан башкаруу системасы да өзүбүзгө жараша болуп жатат. Бизде парламенттик башкаруу деп айтканыбыз менен, жашообузда башкача, парламенттин орду жок! Бул ачуу чындык!

Алтынбек Сулайманов, КР ЖКнын “Бир бол” фракциясынын лидери

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: