Menu

ИИМ: Баңгизаттар менен байланышкан кылмыштарын жана жоруктарын жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке 819 адам тартылган

Бөлүшүү:

Кечээ, 26-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, ага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Мирлан Каниметов, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Кудиритила Охунов, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысынын орун басары Айбек Жайлообаев, ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов жана ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы аталган жыйынды ачып, күн тартибине төмөнкү маселелерди талкууга койду: Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтар.

Биринчи баяндамасы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын башчысы, милициянын подполковниги Айдар Шигаев чыгып, “2019-жылдын 11 ай ичинде
Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) бардыгы болуп баңгизаттарды мыйзамсыз  жүргүртүүгө байланышкан 944 кылмыш жана 183 жорук катталган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн бардыгы болуп 18т 319кг 911гр баңгизаттар алынган, анын ичинен: апийм, героин, каннабис чайыры (гашиш), марихуана, каннабис, апий өсүмдүгү, прекурсорлор, эске таасир этичүү заттар, фарм. препараттар жана башкарлар.

Баңгизаттар менен байланышкан кылмыштарын жана жоруктарын жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке 819 адам тартылган (эркектер – 806, аялдар – 13, жашы жете электер – 2, чет элдик жарандар – 16).

2019-жылдын башынан бери, Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан, кылмыштуу топтор тарабынан жасалган баңгизаттар менен байланышкан 30 кылмыш аныкталган, бардыгы болуп жазык жоопкерчиликке 67 адам тартылган, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1т 912кг 224гр. баңги каржаттар жана прекурсорлор алынган”-деп өз баяндамасын жыйынтыктады. Андан соң,  сөз кезеги Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Айбек Жайлообаев жетип, ал өз баяндамасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКтын  ишмердүүлүгү жана аткарган иштери боюнча толук маалымат берди: 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы аймактык ички иштер органдары менен биргеликте диний экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча тиешелүү ыкчам алдын алуу жана иликтөө иш-чараларын жүргүздү.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында диний экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологияларын таратуунун 516 фактысы аныкталып, алар боюнча 316 адам кармалды, алардан экстремисттик мүнөздөгү 2104 материалдар алынды. Диний экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын катарына тартылуунун алдын алуу, ага бөгөт коюу жана жол бербөө максатында калк, жогорку жана атайын орто окуу жайларынын студенттеринин, мектеп окуучуларынын арасында 6000ден ашуун алдын алуу түшүндүрүү иш-чаралары лекция, семинар, тегерек стол, конференция түрүндө болуп өттү.

Алсак, 2019-жылдын 29-ноябрында Каракол шаарынын К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драмалык театрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын жана Ысык-Көл облустук ИИБнин демилгеси менен «Жаштар экстремизмге каршы» аттуу Форум жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, жергиликтүү тургундардын, жалпысынан 500-550 адамдын катышуусунда өткөрүлдү.

Ушундай эле иш-чара 2019-жылдын 13-декабрында Жалал-Абад шаарынын Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драмалык театрында Жалал-Абад облусунун тургундарынын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, жалпы билим берүү мекемелеринин, массалык маалымат каражаттарынын катышуусунда да өткөрүлдү.

Социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү 80 сайт жана 22 аккаунт аныкталып, алардын ичинен 44 сайттын жана 10 аккаунттун ишмердигине соттун чечиминин негизинде бөгөт коюлду. Мыйзамсыз миграцияны уюштуруунун 341 фактысы катталып, алардын ичинен 51 фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши сотко ашырылды.

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 292-беренесинде көрсөтүлгөн чет өлкөлүк жарандарды каттоонун тартибигн бузуу боюнча 249 юридикалык жакка жана Кыргыз Республикасынын 1417 жаранына жалпы 2 662 000 сом айып салынды.

Жыйын суроо-жооп түрүндө өттү. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү өздөрү кызыккан суроолорду берип, жогоруда көрсөтүлгөн кызматтардын ишин жакшыртуу боюнча өз сунуштарын беришти.

Жыйындын жыйынтыгын чыгарып жатып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов бүгункү иш-чара пайдалуу жана маанилүү болгондугун билдирди. Бардык каалоочулар өздөрүнүн сунуштарын киргизип, андан сырткары жүргүзүлгөн иштер үчүн ыраазычылыгын билдирүү менен баардыгына ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: