Бүгүн, 27-декабрь күнү берген арызынын негизинде “Ата-Мекен” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу КР БШКсынын маалыматтык бөлүмү билдирди.
“Ата-Мекен” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңешитин депутатынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө Шыкмаматов Алмамбет Насыркановичтин түшкөн өз арызынын негизинде “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” КРнын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Ата-Мекен” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңешитин депутаты Шыкмаматов Алмамбет Насыркановичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды” – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ