Menu

“Ата Мекен” партиясынан Болот Шер да чыгып кетти…

Бөлүшүү:

“Ата Мекен» саясий партиясынын тизмесинен төрт талапкер чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, «Ата Мекен» партиясынан Болот Шер, Талант Узакбаев, Ташполот Балтабаев жана Рысбек Мирзаматов өз арызынын негизинде тизмеден чыккан.

Эске сала кетсек, буга чейин «Ата Мекен» партиясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов да ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Ал мандатын тапшыруу тууралуу арызын кечээ, 26-декабрда жазганын жана Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестиктен улам «Ата Мекен» фракциясынын лидери кызматынан кеткенин жана мандатын тапшыруу тууралуу арыз бергенин билдирген.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: