Menu

Турсунбек Акун, укук коргоочу: “Атамбаевдин тушунда алты ай сайын өкмөт алмашып, өлкөдө туруксуздук өкүм сүрүп, экономика эңшерилип, коррупцияга баткан эле, азыр андай эмес”

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-декабрда жыл жыйынтыгы боюнча үч саат маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин бардык суроолоруна жооп берген. Жыл жыйынтыгы боюнча айрым саясатчылар президентти сындашкан. Сындаган саясатчыларды Турсунбек Акун сындап, атын атабаганы менен Өмүрбек Текебаевди жөөлөп өтүптүр. Президенттин жыл жыйынтыгы боюнча пикирин өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирген:

Калыс сөзүмдү айтайын. президенттин жылдын сонундагы маалымат жыйынын көрүп, өз пикиримди билдирейин деп чечтим. ММКларга кээ бир саясатчылар президенттин маалымат жыйыны тууралуу сын пикирин билдирип, “президенттин маалымат жыйыны премьер-министрдин отчету сыяктуу эле болуп, деңгээли төмөн болуп калды”,- деген сыяктуу сындарын айтышты. Бул тууралуу менин жеке оюм:
Азыр президент менен премьер өлкөдөгү көп чарбалык жана экономикалык маселелер боюнча бергелешип, эриш-аркак иштеп жатышат. Президент мамлекет башчысы жана мурда өкмөт башчы болуп иштеген инсан катары азыркы премьерге көп жагынан өз жардамын көрсөтүп келет. Эгерде президент өкмөткө ар тараптуу колдоо көрсөтпөгөндө, Жогорку Кеңеш премьерди эбак эле кызматтан кетирип, андан бери эки-үч премьер алмашып кетиши толук мүмкүн болчу. Мына Атамбаевдин тушунда ар алты ай сайын бир өкмөт алмашып, өлкөдө туруксуздук өкүм сүрүп, экономика эңшерилип, баардык жагынан коррупцияга баткан эле. Мындан эми ошол бат-бат алмашкан премьерлер камалып, соттолуп алардын тагдыры акыры өтө кейиштүү аяктап жатат.
Азыр болсо мурдагыдан айырмаланып өлкөдө салыштырмалуу туруктуулук сакталып, өкмөт улам-улам алмашпай, экономика аз-аздап көтөрүлүп, бийликтин үч бутагы биргелешип иштей башташты. Мына парламент да мурдагыдай тарап кетпей, өз мөөнөтүн аяктап баратат. Ушундай туруктуулуктун орун алышына президенттин ролу зор экендигин айтпай коё албайбыз. Ал эми “Стабилдүүлүк жана туруктуулук” мамлекеттүүлүктүн пайдубалы. Ошондуктан өкмөт жасаган иштерди да өзүнүкү катары айтып кетиши мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Андан кыр издөөнүн негизи деле жок. Анткени ал кишинин таасири жана көмөгү болмоюнча мындай иштер аткарылмак эмес.

Экинчиси, ошол эле сынчылар президентти Райымбек Матраимовго байлап, “Миллиондогон акчалар президенттин макулдугусуз башка өлкөгө которулбайт. Ошонун башында азыркы президент өзү турат”,- деген сыяктуу жоромолдорду айта башташты. Буга карата да менин өз көз карашым бар. “Азаттыктагы” иликтөөлөр 2012-2016-жылдары миллиондор тууралуу болуп жатат. Президент Жээнбеков 2017-жыл президент болуп шайланып иштей баштады. Ошондуктан президентти Матраимовго байлоонун эч негизи жок. Президент Жээнбеков тескерисинче, коррупцияны ооздуктоо үчүн баардык аракеттерин көрүп, бажы тармагын санариптештирип, ачыктыкка жол ачылып, коом тазаруу жолуна акырындап, аз-аздап болсо да түшө баштады. 30 жылга чукул түптөлгөн коррупциялык схемаларды аз эле убакытта түп тамыры менен жоюп салуу да оңой иш эмес. Ошол миллиондогон акчалардын бардыгы Атамбаев президент болуп турганда которулган. Аны Атамбаевден сураш керек. Мына ошондой мыйзамсыз иштерге баргандыгы үчүн мурдагы президент камалып, үстүнөн иш козголуп өз азабын тартууда. Аягында айтаарым, кээ бир саясатчылар бир нерсеге баа берүүдөн же сындоодон мурун тиешелүү фактылар менен негиздеп сындаса жакшы болот эле“, – жазган Турсунбек Акун.

Эске сала кетсек, 25-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча үч саат маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин бардык суроолоруна жооп берген. Жыйынга 188 журналист катышып, көбү суроо бергенге жетишпей калган. Президент журналисттердин суроосуна жооп берип жатканда, Турсунбек Акун жөнүндө да учкай кеп кыла кетип, аны мактаган эле…

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: