Казакстандагы учак кырсыгынан жабыркаган бир кыргызстандык бар, азыр ал ооруканада жатат. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда ТИМдин басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.
Эске сала кетсек, бүгүн, 27-декабрда, эртең менен “Fokker-100” учагы Алматынын аэропортунан Нур-Султанды көздөй баратып, Гүлдала айылынын четине кулап түшкөн. Учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Алматынын акимчилигинин акыркы маалыматына караганда, 66 адам ооруканада, каза болгондордун саны 15 адамга жеткен.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ