Үстүбүздөгү жылдын 26-декабрына карата көмүрдүн орточо чекене баалары ноябрь айындагы баасына салыштырмалуу – тоннасы 188,29 сомго же 4 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу улуттук статистика комитети бүгүн, 27-декабрь күнү билдирди.
Ноябрдын төртүнчү жумасына салыштырмалуу 240,24 сомго же 5,1 пайызга төмөндөгөнү байкалды. Муну мене бирге айрым калктуу конуштарда көмүрдүн баасы өзгөрүүсүз сакталып калды.
Бүгүнкү күнгө карата 1 тонна көмүрдүн аймактардагы баасы: Ноокат шаарында (бир тонна – 7 469,48 сом), Баткен шаарында (бир тонна – 7 468,01 сом) жана Исфана шаарында(бир тонна – 6 340,35 сом) белгиленди.
Минималдуу чекене баалар Балыкчыда (бир тонна – 3 694,59 сом), Нарында (бир тонна – 3 500 сом) жана Чаек айылында (бир тонна – 2 500 сом) байкалды.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ