Menu

Сузакта мал жана баалуу буюмдарды уурдап жүргөн кылмыштуу топ колго түштү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунда мал жана баалуу буюмдарды уурдап жүргөн топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрь күнү Сузак районунун тургуну 1972-ж.т. С.Г. Сузак РИИБне кайрылып, ошол эле күнү болжол менен 15:00 чамаларда үйүнүн короосунан базар баасы 150 000 сомдук жылкысын белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдирген.

Мындан сырткары ноябрь айында 8 жаран РИИБге кайрылып, жалпы суммасы 110 000 сомдон ашуун болгон мал жандыктары, телефон, зер буюмдар, накталай акчаларын белгисиз кылмышкерлерге уурдатып жибергендигин айтышкан. Бул фактылардын бардыгы Сузак РИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жогорудагы фактылардын бетин ачып, кылмышкерлерди таап жазага тартуу максатында тергөө тапшырмалары берилген. Анын негизинде Сузак РИИБнин Криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 3 жаран кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алар:
– Сузак районунун тургуну 1979-ж.т. К.Э. КРнын КЖКнын (эски редакция) 164-беренеси (Уурдоо), 167-беренеси (Тоноо) менен соттолгон;

– Сузак районунун тургуну 1994-ж.т. Б.Ч. КРнын КЖКнын (эски редакция) 164-беренеси (Уурдоо), 165-береси (Мал уурдоо), 168-беренеси (Каракчылык) менен соттолгон;

– Кара-Суу районунун тургуну 1991-ж.т. С.М. КРнын КЖКнын (эски редакция) 168-беренеси (Каракчылык) менен соттолгон.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги териштирилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: