Menu

Музейде уюштурулган феминаленин куратору Айгүл Карабалинаны түндө сабап кетишти

Бөлүшүү:

Бишкектеги Г.Айтиев атындагы музейде өткөн феминаленин куратору Айгүл Карабалинага түндө кол салуу болду. Бул тууралуу ал өзү «Фейсбуктагы» баракчасына бүгүн, 27-декабрда жарыялады.

Анын айтымында, түндө анын үйүнүн жанынан белгисиз эки эркек ага кол салган. Анын баш мээси чайкалып, көзү көгөргөн. Аны аябай коркутушкан. Ал аябай коркуп калганын жана баласын коркунучка алып келбей, эртерээк Бишкек шаарынан чыгып кетүүнү каалаганын жазган.

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминале башталып, 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган. 2-декабрда Маданият министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен убактылуу токтотулган жана аталган музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматынан бошотулган. Ал иш-чарадагы жат көрүнүштөргө каршы акцияны 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында уюштурган. Аларды министр кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин билдирип, бул боюнча жумушчу топ түзүлүп текшерилээрин жана убактылуу токтотулаарын билдирген. Эртеси, 3-декабрда министр музейде жат көрүнүшү жок феминале уланаарын айткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: