Menu

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө“, „Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, ‚Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө‘ Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 19-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган өзгөртүүлөр «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчүнө кирүү мөөнөттөрүн өзгөрткөнгө багытталган, ал эми «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин, „Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым жоболору өзгөртүлгөн.

Соттордун инфратүзүмү 2020-жылдын 1-январына сот арачылардын катышуусунда иштерди кароого объективдүү даяр болбой турганын эске алып, «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 45-главасынын күчүнө кирүүсүн 2025-жылдын 1-январына которулган.

Кабыл алынган Мыйзам 2020-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: