Бүгүн, 27-декабрда ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы кезектеги сурактан кийин КСДПчы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдерге 2019-жылы 7-августта Кой-Таш айылында аскер кызматкерлерин барымтага алууну, массалык баш аламандыкты жана бийликти күч менен басып алууну уюштурууга шектелип жаткандыгын жарыялап, кечки саат 20:30да алардын баш коргоо чарасын кароо үчүн сотко алып кетишкен. Тергөө органдары соттон КСДПчыларды Бишкек СИЗО 1 абагына камакка алууну сурап жатышат. Бул тууралу КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов социалдык тармактарда маалымат таратты.
Ошондой эле бүгүн ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы ушул эле кылмыш иштери боюнча КСДПчы Кундуз Жолдубаевны да камакка алуу максатында сотко алып кетишкен.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ