Экс-президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке депутат кылган Мээрбек Мискенбаевди түндө камалды. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев бүгүн, 28-декабрда журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Мээрбек Мискембаевдин баш коргоо чарасы кечээ, 27-декабрда, түнкү саат 23тө Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралып, 2020-жылдын 9-февралына чейин Бишкек СИЗО 1ге камакка алуу чечими чыккан. Ага Кой-Таш окуясы боюнча үч: “бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу”, “башаламандык уюштуруу”, “барымтага алуу” айып тагылган.
Эске сала кетсек, 7-8-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таштагы Атамбаевдин хан сарайында башаламандык болуп, аягы өлүм менен аяктаган. Бир офицер каза болуп, бир топ адам жабыркаган. Дал ошол күндөрү Мээрбек Мискембаев бар болчу, сөгүнүп-сагынып жүргөнү видеодо бар…
Учуда Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу 39 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Анын алкагында Алмазбек Атамбаев жана анын бир катар тарапкерлери абакта.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ