Menu

Фото – ТИМ башчысы КР дипломатиялык кызматынын ардагерлеринин эмгегин жана салымын жогору баалады

Бөлүшүү:

Кечээ, 27-декабрь күнү КРнын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун КР дипломатиялык кызматынын ардагерлери менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Министр иштин жыйынтыктары жана келерки жылы пландаштырылып жаткан иш-чаралар тууралуу маалымдады. Ошондой эле өлкөнүн тышкы саясий ведомствосунун ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттары боюнча пикир алмашылды. Жасаган эмгектери, КР дипломатиялык кызматынын калыптануусуна жана өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн ардагерлерге ыраазычылык билдирилди.

КР дипломатиялык кызматынын ардагерлери Министрлик жүргүзүп жаткан иштерге позитивдүү баа беришти жана бир катар сунуштарды айтышты.

Министр жана жолугушуунун катышуучулары КРнын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, дипломатиялык кызматтын ардагери Н.К.Кемельбаевди 80 жылдыгына байланыштуу куттукташты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: