Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугунун кызматкерлери кулаган учак кырсыгынан жабыр тарткан Кыргызстандын жаранын ооруканадан барып, мекендешибизден кабар алып келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кечээ, 27-декабрь күннү билдирди.
“Кулаган учактын ичинде 1983-жылы туулган К.М. бар болгон. Ал Алматы шаарынын №1 ооруканасына жеткирилген. Анын абалы учурда канааттандырарлык” – деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ, 27-декабрь күнү Алматы шаарында борттун ичинде 100 жүргүнчүсү менен учак кулаган.
Бүгүн Казакстанда аза күтүү күнү.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ