Menu

2 миллион АКШ долларын жеп алды деп шектелген Кубанычбек Кулматовдун 73 миң доллар төлөп кутулганы кайсы логикага туура келет, ыя?

Бөлүшүү:

Ири коррупциялык иштерге шектелген мурдагы мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго карата 23-декабрдагы Бишкектин Ленин райондук сотунун чыгарган өкүмү коомчулукту абдан кабатыр кылды. Элдин калың катмарында нааразылык жаралып, социалдык түйүндөрдө бийликке акаарат келтирген ачуу пикирлер жазылды. Анткени, 2 миллион долларлык жемкорлукка шектелген Кулматовду арзыбаган 5 миллион сом менен куткарып, сот залынан бошотту. Эл ичинде: «Бүгүн 2 миллионду жеп, эртеси 73 миңин төгүп берип кутула берсе болот турбайбы»-деген сындуу чыркыраган сөздөр айтылууда.

Артка кылчайсак, Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктан кийин модернизация учүн алынган 386 млн доллардын чыры чыгып, бир катар чиновниктер камалгандан кийин ТВЕА компаниясы 2 млн. доллар гранттык акчага мектеп салып берүүгө убада бергени билинген. Ал акчага Калыс-Ордо конушуна 1200 орундуу мектеп жана бала бакча куруу жагы чечйлип, кийин ал 750 орунга, андан соң 660 орунга кыскарганы аныкталган. УКМК ушул иштен кылмыштын изин таап, чоң суммалар сол чөнтөккө солнуп кеткенин тактап чыгып, 2018-жылдын 18-майында Башкы прокуратура Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) иш козгогон.

УКМКнын өкүлу Рахат Сулайманов: «Кулматов 2014-жылы Бишкек мэри болуп турганда ЖЭБди модернизациялоо долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кытайлын ТВЕА компаниясы тарабынан аймактарга аны эки мектеп куруу максатында берилген гранттык каражаттарды өкмөттүн карамыгынан мэриянын карамагына Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп куруу өтө орчундуу деген жүйө менен чыгарып кетип, мыйзамсыз колдонгон. Андан тышкары «Альто Групп» ишканасынын жетекчиси менен жең ичинен сүйлөшүп, сынагы жок эле кытайлык компаниядан 1 млн доллар өлчөмүндөгү каражатты ошол жеке компаниянын эсебине которууга жетишкен. Мындан тышкары мектепти аягына чыгаруу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 млн сом ашыкча бөлүнүп берилген»-деп түшүндүрмө берген. Бул маалыматта жемкорлуктун белгилери турат, маселен сынагы жок 1 млн доллардын ыйгарылышы жөн жерден болгон эмес. Ошондой эле ТВЕА берген каражаттан сырткары, бюджеттен 100 млн сом которулганы чоң суроону жаратат. Анткени, 100 млнсом 1 млн. 449 миң доллар болот.

Мына ушул Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна ТВЕА компаниясы берген акчаны мыйзамсыз коротууга К.Кулматовдун тиешеси оолгондугун УКМК аныктаган соң, 2018-жылы 5-июнда камакка алган. Коомчулук муну туура чечим катары кабыл алып, корруппияга каршы жасалган күрөштүн көзгө көрүнө турган кадамы сыңары түшүнгөн. Анткени, УКМК тарабынан ынанымдуу далилдер так айтылып турду. Маселен, буга чейин оозунан сөз чыкпаган Данияр Аттокуров деген аты-жыты белгисиз депутат парламентте кыйкырып, Кулматов жүйөсүз камалганын, Калыс -Ордодо балдар окуп жатканын айтып чыккан. Ага УКМК жообун узатып, Кулматов 2014-жылы Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектепти куруучу компанияны сынаксыз тандап алгандыгын айтып, мектептин курулушун аякташ үчүн ал шаардык бюджеттен үчүнчү курулуш компаниясына 100 миллион сом бөлгөнүн билдирген. Натыйжада Калыс-Ордодогу 660 орундуу мектеп эбегейсиз чоң суммага – 266 миллион сомго курулган. УКМК салыштыруу иретинде факты келтирип, Ак-Ордо конушундагы 1000 орундук мектеп ошондой эле инфраструктурасы менен 245 миллион сомго курулганын, ал эми Аламүдүн районундагы 750 окуучуга ылайык мектеп 154 миллион сомго курулганын баса белгилеп берген.

Тергөөнүн жыйынтыгында Кулматовдун жетекчилиги алдында мектептин курулушу мамлекеттик сатып алуу жана курулуш боюнча мыйзамдарды одоно бузуу менен жүргүзүлгөнү, курулуштун долбоорлоо-сметалык, уруксат берүүчү жана башка тиешелүү документтери болгон эместиги, жалдануучу компания коррупциялык схема менен тендерсиз тандалганы, акча каражаты компанияларга мыйзамсыз которулганы, жалданма компаниянын акчанын сарпталышы тууралуу отчетунда эреже бузулган учурлар болгону, айрым учурда отчет такыр болгон эместиги такталганын УКМКнын басма сөз борборунун өкүлү Асел Адылбек кызы айтып берген. Көзгө көрүнүп тургандай, фактылардын баары анык эле. Тилекке каршы, сот Теңирден тескери кетти. Мамлекеттик айыптоочулар А.Ибраимовду 20, К.Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранган. Бирок, сот Ибраимовду 15 жылга кесип, Кулматовду 5 миллион сом айып салуу менен абактан бошотту.

Экс-мэрлердин иштерине байланыштуу Бишкектин мурдагы вице-мэри Ренат Макенов, «Бишкек Башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Аскат Түлөбердиев, мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Сталбек Өмүрканов, «Айкөл курулуш» компаниясынын жетекчиси Сейиткан Алиев, «Альто Групп» компаниясынын башчысы Кубат Шаршекеев жана башка ондон ашуун адамга айып тагылган эле, сот аларга да айып пул салымыш этип, сот залынан бошотту. Эгер минтип бүтө турган иш болсо, анда укук коргоо, тергөө жана сот органдары эки жылга чукул аларды камап, «коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат» деген жалган шоу менен элди алдабай, башында эле мынчадан акча төлөйсүңөр деп кетирип жибербейби? Кулматовдор тергелип, сотто иликтенген эки жылга чукул мезгилдин аралыгында бийликке эмне деген жаман сөздөрдү жабыштырган жок. Экс-президент А.Атамбаев эмне деген жалааларды жапты. К.Кулматов менен А.Ибраимов акыркы сөзүн сүйлөгөн маалда дагы тил тийгизип, кылмыш иштерди куру доомат деп мүнөздөгөнүн көрбөдүкпү. Ошол уу-дуунун аягы ушинтип бүтөрүн коомчулук күткөн эмес. Эгер жемкорлукка каршы күрөш ушундай жүрсө, анын барынан жогу жакшы.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: