Депутат Акылбек Жапаров 26-декабрда, Жогорку Кеңештин басма сөз борборунда сырттан алынган насыялар боюнча маалымат жыйын өткөрүп, тыштан келген насыяларды жана гранттык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча журналисттерге айтып берген.
Анда журналисттер “Финансы министри кызматына чакырса барасызбы?”,-деген суроо узатышкан. Ал: “Финансы министри болуп иштеп берүүгө даярмын. Мен дайыма эле даярмын. Болгону менин шарттарым бар. Мисалы, мени Алмазбек Атамбаев чакырганда, “үч жыл иштетиңиз, үч жылда бюджетти үч эсе көтөрүп берем”,- дегем. Бакиев деле беш жыл иштетем деген, бирок, үч жыл иштетип койду. Азыр сунуш түшө элек”, – деген.
Финансы министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 453,99 млн. долларды (310 млрд. 667,54 млн. сомду) түздү. Анын ичинен 3 млрд. 767,49 млн. доллары тышкы, 686,50 миллиону ички карызга кирет. Эң көп карызыбыз Кытай.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ