Айтылуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы, “Үмүт-2020” кыймылынын негиздөөчүсү, экс-депутат Ширин Айтматованын камактагы жолдошу Сыргак Кенжебаев отурган жерине нааразы эмес. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган ишкер Сыргак Кенжебаев менен алар жолугуп чыгышкан. Ал ага басым-кысым болбогонун, эч кандай нааразылыгы жок экенин айткан.
Эске сала кетсек, 20-декабрда Сыргак Кенжебаев УКМК тарабынан Казакстан мамлекетинин Алма-Ата шаарынан кармалган. Ошол эле күнү УКМК да, ИИМ да ага кандай айып менен кылмыш иши козголгону тууралуу расмий маалымат тараткан. 21-декабрда Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, ал 2020-жылдын 20-февралына чейин камакта калган.
23-декабрда Ширин Айтматова жолдошун “сындырганы” жатышканын “Твиттердеги” баракчасына жазып чыккан. Ошол эле күнү ЖАМК Кенжебаев карантинде экенин, экономикалык кылмыштар боюнча шектелген киши рецидивисттерге (“караларга”) түшпөстүгүн билдирген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ