Menu

Футбол күйөрмандары 30-декабрда мэриянын алдына чогулуп, бир маселени чече турган болду. Ал эмне болгон маселе?

Бөлүшүү:

30-декабрда, саат 11:00дө Бишкек шаардык кеңештин имаратынын алдына футбол күйөрмандары чогулат. Бул тууралуу алар социалдык тармактарга жазышууда, алардын айткан маселесин коомчулук колдоп жатат.

Футбол күйөрмандарынын айтымында, футбол борборунун курулушу маанилүү, аны эмки жылга калтырбай, тез чечүү керек. Ушул маселени чечүү үчүн алар 30-декабрда саат 11:00дө шаардык кеңештин имаратынын алдына чогулууну пландап, футбол сүйүүчүлөрдү чакырышууда.

Эске сала кетсек, кайтарымсыз грант катары 10 млн долларга футбол борборун куруу пландалган. Футбол федерациясы мэрия ушул жылдын 31-декабрына чейин жер тилке бөлүп бербесе, грант башка өлкөгө берилип кетээрин алдын ала эскертишкен. Бул маселе боюнча шаардык кеңештин депутаттары бир нече жолу отурумга чогулгандары менен маселесин карап бүтө элек. Кечээ, 27-декабрда карашмак, бирок, каралган жок. Депутаттар бул маселени келаткан жылдын 14-январына жылдырып коюшкан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: