Menu

Алматыдагы авиакырсыктан жабыркаган Кыргызстандык Матвей Клыков буту, санынан жаракат алган

Бөлүшүү:

Казакстандын Алматы облусундагы авиакырсыгынан жабыркаган Кыргызстандык жарандын өздүгү такталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Алматы шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы билдиргенин Казакстандын ММКлары жазып чыкты.

Алардын маалыматына караганда, Кыргызстандык жабырлануучу 36 жаштагы Матвей Клыков. Ал эки буту жана санынан жаракат алган. Абалы канааттандырарлык. Ал учурда шаардык ооруканада дарыланууда.

Кечээ, 27-декабрда саат 07:22де Казакстандын Алматы шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган учак Алматы облусунун Кызыл-Туу кыштагына кулаган. Ал кулаган 2 кабаттуу курулуп жаткан имаратта адамдар болгон эмес.

Эске сала кетсек, кечээ, 27-декабрда, таңкы саат 07:22де  “Fokker-100” учагы Алматынын аэропортунан Нур-Султанды көздөй баратып, Гүлдала айылынын четине кулап түшкөн. Учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Алматынын акимчилигинин маалыматына караганда, каза болгондордун саны 15 адамга жеткен. Маркумдардын жакындарына төрт миллион теңге берилет. Жаракат алгандардын саны 47, сегизинин акыбалы оор.

Жабыркагандардын арасында бир кыргызстандык бар, ал ооруканада экенин биздин ТИМ басма сөз кызматы билдирген.  Ошондой эле биздин мыкты хирург Сабыр Жумабеков жабыркагандарга операция кылуу үчүн Алматыга учуп кеткен. Ал түндө жабыркагандарын бирине операция жасаганы бүгүн маалым болду.

Бүгүн, 28-декабрь – Казакстанда аза күтүү күнү.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: