Чүй облусундагы Москва районунда мөөнөтү өтүп кеткен таттууларды саткан дүкөнгө 23 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда дүкөндү текшерүү боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрүнүн бири билдирди.
Анын айтымында, Чүйдөгү Беловодск айылындагы “Асанбай” дүкөнүндө мөөнөтү өтүп кеткен “Alpen Cold” шоколады сатылып, ал 25-декабрда “Бакыт” бала бакчасындагы жаңы жылдык балаты майрамындагы бөбөктөргө белек катары берилген. Анын датасын ата-энелер байкап калып, кайра дүкөнгө тапшырышкан. Дүкөндү текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлүп, ыкчам түрдө дүкөн текшерилген. Текшерүү учурунда, дүкөндүн ээси, жеке ишкер М.А. сатылып жаткан шоколадды ким алып келгендиги тууралуу тийиштүү кагаздарды көрсөтө алган эмес. Ал коюлган күнөөнү толугу менен мойнуна алып, ага салынган 23 миң сом айып пулду тез арада төлөп бере турганын билдирген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ