Алманбет Шыкмаматовдун чоң саясаттагы бактысы 2010-жылдан кийин ачылды. Жаңылбасам, 2006-2007-жылдары Өмүрбек Текебаевдин чачпагын көтөрүп, кеңешчисимин деп жүрчү. Мамлекеттик түзүлүштү аныктап аткан кишиге кандай кеңеш берээр экен деп таң калганбыз. Ал жагын жекеме жеке отуруп, эстешкенде, айта жүрчүү окуялар оголе көп. Оо, илгери “какырыктар, чимкириктер, сасыктар” – деген сөзү менен кыргызстандын “чоң тарыхында” калган экс-ажо Алмазбек Атамбаев “төңкөрүшкө чейин бир топ саясатчылардын чөнтөгүндө сокур тыйыны жок эле”- деп айтканына ушул жигитти да кошконсуган. Бакиевдик доордун көк союл заманы Ата Мекенди БШК дан жыгып, парламентке жолотпой койгон кезде адилеттиктен ак урган жалгыз Текебаев эле. Кыргыздын айрым токсонго таяган аксакалдары Максимдин көзүн мактап, ушундай да кооз көгүш көз болобу деп, Кудайдын кудуретине тооба кылып жүрүшкөн. Мына ошондой кыйын кезеңде Шыкмаматов деле биздей, карапайым калк сыяктуу үйүнө маршрутка менен каттачу. 2010-жылдагы мамлекеттик түзүлүшкө доо кетирген төңкөрүштөн кийин Кудайдын буйругу, Текебаевдин жардамы менен алгач, мамкаттоо кызматынын төрагасы андан кийин адилет министри, депутат, фракция лидери деген куттуу кызматтарды ээледи. Текебаевдин канаты алдында такшалды, кагылды, согулду. Анан, күтүүсүз эле 12 жылдык саясий жүрүшүн тизгиндегендерге капаланып, партиясынын эшигин катуу жапты да, басып кетти.
Улуу чынардын көлөкөсүнө тал эксең, терек болбойт. Муну түшүнүп, өзүнчө жол издеп кетсе, түзүк. Эгер жол таппай, көрүнгөн эшикти каккыласа, кашыктап жыйнаган кадырын чөмүштөп төгөт.
Саясат – бул күрөш майданы. Бөрүлөр арасында тирүү калуу санаты. Азырынча кыргыз саясатында азуусун кайрап отурган көп эмес бөрү бар. Ошол бөрүлөрдөн саясий майданда Шыкмаматовго орун болобу, аны мезгил көрсөтөт.
Манас Осмон, журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ