Menu

Муфтият дин өкүлдөрүн Жаңы жыл майрамына каршы үгүт иштерин жүргүзбөөгө чакырып, фатва чыгарды

Бөлүшүү:
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Жаңы жыл майрамына байланыштуу фатвасы чыкты. Анда «Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген жана бекитилген расмий майрамдарга карата дин кызматкерлери тарабынан тескери үгүт иштери жүргүзүлбөсүн» деп айтылат.

Буйрукту аткаруу милдети Муфтияттын түзүмдөрүндөгү бардык диний кызматкерлерге жүктөлдү.

Дүйнө эли жыл сайын 1-январда белгилеген календардык Жаңы жыл майрамы Борбор Азия мамлекеттеринин баарында советтик жана светтик майрам катары калыптанып калган.

Кыргызстандагы айрым дин өкүлдөрү маал-маалы менен Жаңы жыл майрамына каршы чыгып, сындап келет. Бул социалдык тармактарда кызыл чеке талаш жараткан учурлар болгон.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: