Кыргызстанда опиум Көлдө пайда болуп жатат. Бул тууралуу Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын уюштурма-аналитикалык башкармалыгынын башчысы Айдар Шигаев билдирди.
А.Шигаев мындай пикирин 26-декабрда Бишкекте ИИМдин Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өткөндө айткан. Ал өз сөзүндө 2019-жылы кызмат 3 кг опиум табышканын келтирген. “Опиум кайдан пайда болуп жатат? Калбай калбады беле. Көлдөнбү?” – деп ИИМдин коомдук кеңешинин мүчөсү Уулкан Байгубатова Шигаевден сураганда, ал: “Ооба. Эсимде, анткени опуим өстүрүүдө өзүм да иштеп калгам. 3 кг… Бул ченебеген байлык да!,-деп, опуимду тергөө иш-чараларында таап жатышканын, ал баңгизаттын тизмесине кирерин баса белгилеген. Ал эми ИИМдин орун басары Мирлан Каниметов да муну тастыктаган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ