Бүгүн, 30-декабрда, саат 11:00дө Бишкек шаардык кеңештин имаратынын алдына футбол күйөрмандары чогулат. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири бүгүн, 30-декабрда билдирди.
Анын айтымында, футбол борборунун курулушу өтө маанилүү, аны эмки жылга калтырбаш керек. Ушул көйгөйлүү маселени бат чечүү үчүн мэриянын алдына чогулушканы жатат.
Эске сала кетсек, кайтарымсыз грант катары 10 млн долларга футбол борборун куруу пландалган. Футбол федерациясы мэрия ушул жылдын 31-декабрына чейин жер тилке бөлүп бербесе, грант башка өлкөгө берилип кетээрин алдын ала эскертишкен. Бул маселе боюнча шаардык кеңештин депутаттары бир нече жолу отурумга чогулгандары менен маселесин карап бүтө элек. 27-декабрда карашмак, бирок, каралган эмес. Депутаттар бул маселени келаткан жылдын 14-январына жылдырып коюшкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ